ЖҮРӨКТӨРДҮН МӨӨРЛӨНҮҮСҮ
Аллах Таала, Бакара сүрөөсүнүн бешинчи аятында пайгамбарыбыз (с.а.в) га кайрылып ушундай дейт : ”Чынында, сен каапырларды (тозоктон) коркутсаң деле, коркутпасаң деле айырмасы жок, ыйман келтиришпейт. Аллах алардын жүрөктөрүнө жана кулактарына мөөр басып, көздөрүнө парда тосуп койгон. Акыретте алар үчүн чоң азап бар”. (Бакара сүрөөсү 6-7 аят)
Бул аятты сырттан түшүнгөн адамда: “Аллах мындай кишилердин жүрөктөрү менен кулактарына мөөр басып, көздөрүнө парда тосуп койсо анан кантип ыйман келтиришмек эле, акыйкатты кантип көрүшмөк эле, кантип угушмак эле” деген ой пайда болот.