Көпчүлүк бейиш менен сүйүнчүлөнгөн он сахабанын аттарын толук билишпесе да бул сахабанын атын жазбай таанышат. Айрымдары адашып, ошол он сахабанын ичине кошуп санап салуусу да ыктымал. Анын дүйнөгө калтырган изи ушунчалык терең болгондуктан болсо керек анын ысымы жүрөктөрүбүздө балдарыбыздын аты менен кошо жашап келүүдө. Гүл бакчасынын Эң Сүйкүмдүү Гүлүнүн булбулу, муаззиндердин төрөсү, түсү кара, бирок ниетти ак. Көздөрү кара, бирок сөздөрү ак болгон айтылуу азанчы Билал Хабаший.
Ооба, ар кылымда жашап өткөн пайгамбарлар, “аалам” деген гүл бакчасынын гүлдөрү эсептелишет. Эгер ааламга гүл бакчасы назары менен карай турчу болсок, анда Аллах Элчиси ошол гүл бакчансынын розасы. Анткени Пайгамбарыбыз савдын роза гүлүнүн жытты менен жыттанганын айткан риваяттар бар. Устат Бедиүззаман, Пайгамбарыбыз савды бул ааламдын кооздугун даңазалап, маңызын айтып берген булбулу деп атайт. Бирок ошол булбулдун же ошол гүлдүн ички жана сырткы сулуулугуна суктанган башка бир булбул бар. Ал – айтылуу азанчы Билал Хабаший. Андыктан бүгүнкү чыгарылышыбыз-булбулдун гүлгө болгон сүйүүсүн баяндап бермекчи.