MENU

Fun & Interesting

Бар акчаны эптей албаган Баткен / Таза суу / Баткен / Ыдырыс Исаков /

Video Not Working? Fix It Now

#ЫдырысИсаков, #Баткен, #Тазасуу. Баткен шаарын таза суу менен камсыздоо аракети 1934-жылы башталган. Ошол 1934-жылдан 1970-жылга чейинки 45 жыл ичинде Баткен шаарынын ичине биринчи жолу 30 чакырым труба тартылган. Бирок бул суу Баткен шаарын таза суу менен камсыздоого да, сугат суу менен камсыздоого да жеткен эмес. 1987-жылы 3 млн рубл бөлүнүп, Төрткүл суу сактагычы курулган. 1999-жылы 30-июлда Баткенге Өзбекстан Ислам Кыймылы деп аталган террордук топ кол салган. Мына ошондон кийин борбордук бийлик тарабынан Баткенге көңүл буруу күчөгөн. Коогалаңдан кийин шашылыш түрдө Баткен өзүнчө облус болуп түзүлгөн. Анан Баткендеги таза суу таңкыстыгын чечүүгө 2002-2006-жылдары Баткен шаарынын жогор жагындагы Сары-Таш айылынан 27 чакырымдан таза сууну тартып келүүгө жана Баткен шаарынын ичиндеги көчөлөргө жалпысынан 35 чакырым тартылган. Бул долбоорду Азия өнүктүрүү банкы каржылап, 54 млн сом бөлгөн. Ошол кездеги жетекчилер Баткен шаарын таза суу менен камсыздоо долбооруна гидро инженерлерди эмес өз туугандарын дайындашкан. Анан сабатсыз кадрлар Тажикстандан эскилиги жеткен азбест трубаларды сатып келип, 54 млн сом бөлүнгөн таза суу долбоорун ойрон кылышкан. Анан Баткендин таза суу көйгөйүн чечүүгө 2013-2015-жылдары Арис тарабынан дагы 42 млн сом акча бөлүнгөн. Бирок бул долбоор дагы ийгиликтүү болгон эмес. Суу баарына тегиз жеткидей система курулган эмес. Анан 2016-жылы Европа өнүктүрүү банкы тарабынан баягы эле Баткен шаарын таза суу менен камсыздоого дагы 5 млн 20 миң евро бөлүнгөн. Бирок курулуш иштери акча бөлүнгөн 2016-жылы эмес, 3 жыл кечигип, 2019-жылы башталган. Ага чейин Европа өнүктүрүү банкы ал акчалардын үстөк пайызын кайтарууну талап кылып баштаган. Жалпысынан акыркы 20 жыл ичинде Баткен шаарын таза суу менен камсыздоого 550 млн сом бөлүнгөн. Бирок 30 миңдей гана калкы бар Баткен шаарында таза суу таңкыстыгы али күнгө чейин чечиле элек.

Comment