MENU

Fun & Interesting

✅ ОШ-НООКАТ ЖОЛУНДАГЫ ШАГЫЛ КАЗГАН КАРЬЕРЛЕР КӨЧҮРҮЛҮП, СЕЛ КАНАЛЫ ОҢДОЛОТ

Osh Meriya 126,166 1 week ago
Video Not Working? Fix It Now

🔸 Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору Болотбек Жусупбеков жана тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Ош-Ноокат жолунун ДЭУ тилкесине барып, көчмө жыйын өткөрдү. 🔸 Мэр бул жерде жайгашкан карьерлерди көчүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди. 🔸 Мында бардык карьерлерди жаап, алардын ээлерине жардам көрсөтүү менен тоонун каршы тарабына көчүрүү боюнча сунуш берүү, шагыл казылган аянттарды иретке келтирип, бак-дарактарды отургузуу, жолдун эки тарабына талаптарга жооп берген селди буруучу каналдарды куруу талаптандырылды. 🔸 Андан сырткары шаар башчысы тиешелүү кызматтарга бул жерде жайгашкан сел каналын калыбына келтирүү жана тазалоо боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү, мыйзамсыз курулуштарды бузуу боюнча тапшырмаларды берди. 🔸 Ал эми жолдун боюндагы тосмолорду 15 күн ичинде алып салуу боюнча ээлерине эскертүү берип, иретке келтирүү талабын койду. _________________________ 📝 Маалыматтык камсыздоо бөлүмү #Ош_мэрия

Comment