34 жаштагы Айбек (аты өзгөртүлгөн) орусиялык шылуундардын капканына түшүп калганын айтып тынчсызданууда. Анын билдирүүсүндө, ал 2024-жылдын декабрь айында Телеграмдагы “Работа в Бишкеке” деп аталган тайпадан жарнак көрүп, ал
жерде көрсөтүлгөн байланыш номерге чалган. Ага өзүн Макар деп тааныштырган орус жигит жооп берип, Орусияга барып өзүнүн атына ишкана ачууга көндүргөнүн айтат. Ал үчүн Айбек 30 миң рубль сый акы аларын айтып, ал эми жол, мейманкана сыяктуу чыгамдарынын баарын жаап берерин убадалаганын билдирди. Айбек ал учурда жумушсуз калып, эки насыясын, батиринин акчасын төлөй албай, балдарына тамак-ашка акча таппай, кыйналып турганын айтат. Ошентип ал бул сунушка макул болуп, Москвага учуп барып, өзүнүн атына жоопкерчилиги чектелген уюм ачтырып, анын атынан иш алып бара турган адамдарга ишеним кат калтырып келе берген экен.
Юристтер бул шылуундук схема экенин айтууда. Алар кыргызстандыктарды мындай жарнактарга азгырылбоого чакырууда. Миграция жаатында иштеген юрист Мирлан Токтобековдун айтымында, бул схема менен иштеген шылуундар криптавалютаны алмаштырганга, акча чыгарганга, терроризмди каржылоого колдонушу мүмкүн. Көп учурда жарандар жеңил жол менен акча таба коём деп, миллиондогон суммадагы салыктык карыздарга илинүүдө дейт ал. Ал эми дагы бир юрист Эрланбек Токтосунов мындай схема менен иштеген шылуундарга алданып, Орусиянын аймагында ишкана ачкан кыргызстандыктарды тез арада компаниянын ишин токтотууга чакырууда.
Материалды “Азаттыктын” “Мигрант Медиа” долбоору
даярдады
Чет жердеги журтташтар!
Эгер биз менен бөлүшө турган ийгилигиңиз же көйгөйүңүз болсо “Мигрант
Медиа” долбоорунун +996 556 113 317 номерине WhatsApp/Telegram аркылуу
жазыңыз.
#MigrantMediaCentralAsia
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg
https://www.instagram.com/azattykmedia/
Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org
https://www.facebook.com/azattyk
Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus