MENU

Fun & Interesting

✅ Таңкы рейд: Черёмушки кичи районундагы үч көчө өз билемдик менен курулган имараттардан тазаланат

Osh Meriya 64,737 4 days ago
Video Not Working? Fix It Now

🔸 Бүгүн 19-февралда, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таң эрте менен тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге кезектеги рейдге чыкты. 🔸 Мэрдин бул жолку кыдыруусу Р.Моминова, Ш.Руставели, И.Саидов, Волгоград, Физули, С.Ахмедов жана А.Каримов көчөлөрүндө болду. 🔸 Шаар башчысы ички көчөлөрдө өз билемдик менен курулуп калган, башаламан курулуштардан улам кенен жолдор тарайып, негизги транспорттук каттамдарда тосколдук жаратып жатканын белгиледи. 🔸 Анын менен бирге тиешелүү кызматтарга тез аранын ичинде Р.Моминова, Волгоград жана Физули көчөлөрүндө жайгашкан мыйзамсыз курулуштарды алып салуу боюнча жумуштарды баштоону милдеттендирди. _________________________ 📝 Маалыматтык камсыздоо бөлүмү #Ош_мэрия

Comment