MENU

Fun & Interesting

Баян башы | Улуу Манас баяны | Улукмырза Эркинбеков | Урааным Манас

УЛУУ МАНАС БАЯНЫ 30,322 lượt xem 1 month ago
Video Not Working? Fix It Now

Эзелкинин жомогу.
Эстесе келер оролу.
Эренин Манас орою,
Эн эле бийик жогору.
Эзелкинин кебинен,
Эрениң Манас жөнүнөн,
Эске салып коелу.
Жашы менен кары уксун,
Жалпы кыргыз баары уксун.
Акыл калчап, ой чайкап,
Алтын такта хан уксун.
Бешиктеги бала уксун,
Бел бекчейген чал уксун.
Дили менен кабылдап,
Тил билбеген дагы уксун.
Чектен ашып дабышы,
Чет ааламдык жан уксун.
Адам уулу болгону,
Айныбастан нак уксун.
Адам эле укпастан,
Айбан уксун, мал уксун.
Улуу Сөз менен бабалар,
Урпакка кылган санатты.
Уңгулуу ойду тутунуп,
Ушундан алган сабакты.
Урааны кылып жүрөктүн,
Унутпай айткан Манасты.

Андан бери карата,
Aаламгa aалам жалганды.
Аты күчтүү убакыт,
Алмаштырды ар жанды.
Асманды сайган киндикке,
Аскалар сазга айланды.
Эмгегин калса артында,
Эскере жүрөөр Жомоксуң.
Жалган дүйнө кызыкка,
Жаралып келген коноксуң.
Жасаган эмгек бар болсо,
Жалама миздүү болотсуң.
Жасаган эмгек жок болсо,
Жашоодо бекер коропсуң.
Уламалар кеп айткан,
Укпаса аны неге айткан?!
Улуулардын мурасын,
Унутпасын деп айткан.
Урпактарга үлгү деп,
Ушул жагын көп айткан.
Учугун бери чыгарып,
Урпактарды сугарып,
Улантып айтам, мен айтсам.

Comment