Бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Султанбай Айжигитов фракциядан чыгарылганы тууралуу билдирүү жасоо үчүн 10 мүнөт убакыт сурады.
Добуш берүүдө каттоого алынган 84 депутаттын арасынан 20 депутат макулдук берсе, 14 депутат каршы чыгып, анын сунушу колдоо тапкан жок.
«Уялбайсыңарбы? Бул парламентпи же нотариалдык конторабы? Сөз берип койгула да. Мен фракциядан чыкканым жөнүндө билдирүү берип коёюн деп жатам. Андан башка эч нерсени айтпайм, чек ара боюнча да айтпайм. Эми эмне өзүмдүн оюмду айтууга да уруксат бербейсиңерби? Парламентсиңерби же эмнесиңер? Депутатсыңарбы же кимсиңер? Түшүнбөй калдым, сөз да бербейсиңерби эми? Кылган ишиңер Конституцияга, Жогорку Кеңештин регламенти, депутаттын статусу жөнүндө мыйзамга каршы болуп жатат. Уялбайсыңарбы, бет деген барбы?», - деди Айжигитов.
Ал төрагадан анын сунушун дагы бир жолу добушка коюуну суранды.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу анын сунушу кайра добуш берүүгө коюлбай турганын айтып, ордуна жайгашууну суранды.