Кыргыздарды ала эл катары мүнөздөө кийинки доорлордо алат, алакчын этнонимине айланып, аларды бөлөк элдер алат-кыргыздар, алатай-кыргыздар, ала-туу кыргыздар, алакчын-кыргыздар деп атаганы негиздүү аргумент. Кыргыздардын арасында «ак алакчын» деген термин – бийлик иерархиясындагы мансапты да аныктаган дейт тарыхчы Олжобай Каратаев . Байыркы «алакчын» (кыт.»Бо-ма») этнониминин түз параллели бүгүнкү күндө кыргыздарда гана сакталып келет. Алакчын уругу кыргыздардын сол канатындагы саруу уруусунун курамында. Этнографиялык жана тарыхый маалыматтарга ылайык 1627-1628 жылдары Бухар хандыгынын башында турган аштарханид Имамкул хандын коалициясы баштаган күчтөр алакчын кыргыздарынын бир бөлүгүнүн (ичкилик кыргыздар, К.Ч.) жана катагандардын башында турган Ташкендин каны Турсунканды өлтүрүп катагандарды кырганда Эшим хан Имамкули тарапта болуп, Эшим хан баштаган алакчын кыргыздарынын бир бөлүгү (тоолук кыргыздар) да катышат. Алардын арасында саруу уруусунун баатырлары Тоӊтөрт жана Тубай катышкан. Ошол согушта Турсункандын уялаш иниси Шамей султандын (Шах-Саид султан, К.Ч.) тогуз жашар баласы өз аты Султанмүрөк олжого түшөт. Султанмүрөктү Тубайдын бир тууганы саруунун бийи Муратаалы бий алып, асырап багып алат. Султанмүрөк Таласка келгенде ала-тай минип, ала кулундун терисинен жасалган ала-даакы жабагы тон кийип, алтын айрымач кур тагынып келгендиктен анын Султанмүрөк аты өчүп Алакчын аталып калгандыгы санжыраларда байма бай айтылып жүрөт. Ал эми Манас эпосунда алакчын кыргыздарынын тотеми катары айтылган чаар кабылан (жолборс) да санжырада мындайча айтылат. Муратаалы бий асырап алган Алакчын баласы боз үйгө учурашып киргенде оордунан чоочугандай тура калчу экен, муну байкап калган Муратаалы бийдин байбичеси, андан сурайт. –«Байым сиз башка бирөөлөр учурашып келсе оордуӊуздан козголбойсуз, ал эми Алакчын уулуӊуз кирип келсе чоочугандай тура каласыз, ал эмнеси» - десе, «койчу кайдагы нерсени айтпай» - деп мойнуна албайт Муратаалы бий. Бир күнү байбиче Алакчын кирип келеер маалда, Муратаалы бийдин тонун олтурган аю талпагына тигип коет. Алакчын кирип келгенде Муратаалы бий тура калса тону айрылып кетип, айыбы байбичесине ачылып калат. Ошондо Муратаалы бий байбичесине айткан экен, Алакчын кирип келгенде андан мурун бир чаар жолборс кирип келгендей көзүмө көрүнөт ошондон коркуп тура калам дептир. Бул санжыраларда дагы Алакчындын ыйык колдоочусу катары чаар жолборс айтылып жатат.
Тогуз жашар баланын ала-тай минип ала-даакы жабагы тон кийгендигинин тереӊ мааниси бар. Кыргыздарда, жана байыркы түрк элдеринде, адамга бийлик же башкаруучу титул-мансап берүү аларга ат мингизүү, тон кийгизүү жана кур тагуу менен коштолгон. Ал эми кыргыздын эл башчылары өзүлөрүнүн мураскерлерине байыркы кыргыздардын, хундардын, ашина түрктөрүнүн доорунда эле ябгу же кыргызча жабагы деген титул берген. Алар мураскери жети же тогуз жашка толгондо тай мингизип үстүнө жабагынын (алты айлык кулун) терисинен тон кылып кийгизип мураскер катары жабагы титулун беришкен. Шамей султандын тогуз жашар Султанмүрөк баласы да Таласка сарууларга олжо болуп келеердин алдында мына ошол байыркы алакчын кыргыздарынын салты менен ала-тайга мингизилип, ала-даакы жабагы тон кийгизилип, белине алтын айрымакча кур тагылып мураскер болуп жарыяланганы аттын кашкасындай байкалып турат. Саруу ичинде Султанмүрөктү бекеринен Алакчын аташкан эмес. Ал доордо алакчын бул уруунун эмес, жалпы кыргыз элинин, анын башкаруучу династиясынын жана мамлекетинин аты болгон. Буга далилдерди белгилүү тарыхчылар Кляшторный С.Г. жана Т. Султанов, ошол доордогу тарыхый маалыматтарга таянып 1626-1627 жылдары Эшим хан калмактарга каршы жортуул жасоо үчүн өзүнүн туусунун алдына «баардык алакчындардын аскерин» (кыргыз аскерлерин) жана башка баш ийген урууларды, ошондой эле Турсунхандын колундагы катагандардын бир бөлүгүн топтоп Моголистандын аймагына бет алып ал жактан калмактардын журттарына жортуул жасайт деп баяндайт.
В указанный год (1036 г.х. — 1626/27), пишет Махмуд б. Вали, Ишим-султан решил устроить набег на йурты калмаков. Он собрал под свои знамя «все войско алакчинов» и других подвластных племен улуса, а также часть катаганов, что были опорой Турсун-султана, двинулся «в один из пределов Моголистана», напал на становища калмаков и подверг их разграблению .