MENU

Fun & Interesting

Жаңы жер кодекси менен жеке менчик жерлерди бийлик тартып алабы?

Azamat LIVE KG 21,917 2 days ago
Video Not Working? Fix It Now

Өткөн аптада Жогорку Кеңеш кабыл алган Жер кодексинин жаңы редакциясына нааразы болгондор кечээ парламент алдына чогулушту. Алар президент Садыр Жапаровду Жер кодексине байланыштуу парламентте кабыл алынган жаңы мыйзам долбооруна кол коюудан карманууга чакырышкан. Анткени мүлк ээлери аталган мыйзамда жарандардын менчик укугу сакталбай калган деп эсептешип, бийлик компенсацияны базар баасынан төмөн кылып, жер тилкелерин коомдук муктаждык үчүн алып коет деп кооптонуп жатышканын айтып чыгышкан. Бул нааразычылык боюнча мамлекет башчы да үн катты. “Кабар” агенттигине берген маегинде Садыр Жапаров менчик жерлерди алып коюуга каршы экенин билдирип, Жеке менчик мүлктөр кол тийгис деп белгиледи. Ошондой эле өлкө башчы өз сөзүндө иштетилбей турган жеке менчик жерлерди алабыз деген мыйзам долбоору келсе, каршы пикир менен артка кайтара турганын кошумчалады. Андан сырткары адам саны тездик менен өсүп жатканын айткан ажо Кыргызстан өзүн буудай менен камсыз кыла албай жатканын, 60%ын чет жактан сатып аларын сөз кылып, жер бош калбай турган деңгээлге жетүү керек деп эсептейт. Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш 13-февралдагы отурумунда талаш жараткан Жер кодексинин жаңы редакциясын кабыл алган. Акыркы жаңылыктар, кызыктуу видеолор Телеграм каналыбызда Катталыңыз 👇 Бөлүшүңүз https://t.me/azamatlive Ушул маалыматты окуп отурган ютуб каналыбызга да катталганды ( подписка) унутпаңыз. 👇 https://www.youtube.com/@azamatlivekg #кыргызстан​ #бишкек​ #бишкеккабар​ #акыркыкабарлар​ #новости​ #камчыбекташиев​ #садыржапаров​ #жогоркукенеш​ #жогоркукеңеш​ #azamatabdiev​ #azamatlive​ #азаматабдиев​ #тезкөр​ #тезкор​ #чүй​ #чуй​ #баткен​ #ош​ #жалалабад​ #талас​ #нарын​ #ысыккол​ #ысыккөл​ #ысыккуль​ #жаңылыктар​ #кабарлар​

Comment