Көкүрөк безинин рагы бүткүл дүйнө жүзүндөгүдөй эле Кыргыз өлкөсүндөгү аялдар арасында кеңири таралган оору болуп калды. Бул ооруну жеңе албай өмүрү менен кош айтышкандар да арбын. 2017-жылы 3501 бейтап эмчек рагынан каза тапкан. Ал эми биздин маектешибиз Айгүл Кулдаева эмчек рагын жеңгендердин бири.