Айжигитов чек ара келишимин сындады, башка депутаттар коргоп чыкты
Депутат Султанбай Айжигитов "Достук" айылын Тажикстанга берүү стратегиялык жактан ката болорун айтып чыкты. Ошондой эле ал Ворух анклавына чейин курула турган транспорттук жол, Төрт-Көчөнун статусу жана "Головной" суу бөлүштүрүүчү курулма боюнча жетишилген макулдашуу тууралуу пикирин билдирди. Айжигитовдун сөзүнөн кийин башка депутаттар чек ара келишимин коргоп чыгышты.