Расмий маалыматка ылайык, ушул тапта Түштүк Кореяда Кыргызстандын 7 миңден ашуун жараны жашап, иштеп келет. Алардын катарында эмгек келишими менен келгендер, орус паспорту менен мыйзамсыз иштегендер, студенттер же этникалык корейлер бар. Кыргызстандан бул өлкөгө мыйзамдуу жол менен барам деген жарандар адеп визага документ тапшырып, алдын ала иш берүүчү менен келишим түзүшү керек. Миңдеген чакырым алыстагы башка мамлекетке бакыт издеп келгендер үйүн сагынып куса болсо да кара жанын карч уруп иштеп жатышат. "Данисте" бул жолу Түштүк Кореядагы кыргыз мигранттарынын иши, турмушу менен тааныштырат .“Азаттык” мындан ары да чет жердеги мигранттардын турмушуна "Борборазиялык мигрант" медиа долбоорунун алкагында кенен кайрылып турат.
#кыргызстан #корея #мигранттар
_________________________________________
Биздин сайт - https://www.azattyk.org/
Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/
https://www.instagram.com/azattykmedia/
Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org
https://www.facebook.com/azattyk
Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_xNajKMU60fbeIhcxStoA
Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus