MENU

Fun & Interesting

БШК Айжигитовдун мандатын алды

Video Not Working? Fix It Now

28-мартта УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин арызынын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы депутат Султанбай Айжигитовдун мандат маселесин карады. Жыйынтыгында, БШКнын 12 мүчөсүнөн 11и Айжигитовдун талапкер катары каттоосун жокко чыгарууну колдоду. Жыйын түз эфирде берилгени менен видеонун үнү начар болду. Ал эми журналисттер жыйынга киргизилген жок. Бирок жыйындан кийин "МедиаХаб" БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров менен Султанбай Айжигитовго суроолорду узатты.

Comment