Биринчиден мал союлуучу жайдын шартын түзүп, андан соң көзөмөлдү күчөтүү керек. Ветеринардык дарыгерлер менен камсыздалган мал союлуучу жайлар райондордо ачылышы зарыл экендигин эл өкүлү парламентте Бакытбек Марипов айтып, тиешелүү министриликти маселеге көңүл бурууга чакырды. Мындан тышкары депутат дыйкандар үчүн айыл-чарба багытындагы берилүүчү кредиттердин суммасын, шарттарын тактады.