Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, өз кесибине ашкере берилген устат Гапыр Мадаминов 2019-жылы "Умма" журналынын кеңсесинде конокто болуп, басып өткөн жолу, өз маңдай тери менен түптөгөн мектеби тууралуу кенен маек куруп берди эле. Гапыр агайдын өзгөчө ойлору, адамга канат байлап шыктандырган сөздөрү жан дүйнө менен акыл куржунун байытып, өзгөчө сезимдерге бөлөгөн.
Бул жылы да “Умма” журналы” ардактуу агай Гапыр Мадаминов менен чоң форматта 2-ирет эксклюзивдүү маек курду. Биз кеп нугун илим-билим, жан дүйнө азыгы, бүгүнкү күндө жаштарды ойлондурган маселелерге арнадык.