Энергетика министрлигинде өткөн жылдагы аткарылган иштерге баа берилип, министр Таалайбек Ибраев бир катар жетекчилердин баяндамасына канааттанбай, сөгүш берди.
Учурда электр энергиясы жашообуздун негизги ресурстарынын бири экенин ар бирибиз түшүнүп, бийликттин дараметин да үйүбүздөгү светтин өчүп жанышы менен баалап калган заманда жашап жатабыз. Эгемендик алгандан бери Кыргызстандагы электр энергиясынын таңкыстыгы, ушул күндөргө чейин уланып, учурдагы бийлик бул кризистен чыгып кетүүнүн жолун издеп жаткан учуру. Тээ Бакиевдин заманында элди тезек тергенге чейин жеткирген күндөрдү да баштан өткөрдүк. Энергетика тармагынагы оор абалды көңүл сыртында калтырган ошол Бакиев анын бийлигинин түбүнө электр энергиясына болгон элдин нааразычылыгы жетээрин “тезек тергиле”-, деп айтып жатканда билбесе керек. Таба эмес, тобо тагдырдын тамашасын карачы, эми өзү Белорусияда тезек терип жүрөт. Садыр Жапаровго чейинки беш президенттин ар бири эч болбогондо бирден чакан гэс куруп турганда карапайым эл электр энергиясынын танкыстыгын сезбей, арлардын артынан алкап турушмак беле. Тескерисинче союздан калган гэстерди талкалап, түбүнө жетип, мамлекетти очойгон карызга батырып кете беришкен тура. Ушундай абал менен кабыл алаган учурдагы бийлик иштен чыкканы калган гэстерди оңдоп, жаңыларын салып өлкөнү энергетикалык кризистен алып чыгып кетүүнүн үстүндө жан үрөп иштеп жатышат. Чындап эле жан үрөп иштеп жатышабы, аткарган иштеринен майнап барбы? Энергетика министрлиги 2024 жылды кандай жыйынтыктады? Таалайбек Ибраев башында турган команда элдин ишеничин актадыбы? Жыл жыйынтыгына кенен саресеп салып көрөлү
Акыркы жаңылыктар, кызыктуу видеолор
Телеграм каналыбызда
Катталыңыз 👇 Бөлүшүңүз
https://t.me/azamatlive
Ушул маалыматты окуп отурган ютуб каналыбызга да катталганды ( подписка) унутпаңыз. 👇
https://www.youtube.com/@azamatlivekg
#кыргызстан #бишкек #бишкеккабар #акыркыкабарлар #новости #камчыбекташиев #садыржапаров #жогоркукенеш #жогоркукеңеш #azamatabdiev #azamatlive #азаматабдиев #тезкөр #тезкор #чүй #чуй #баткен #ош #жалалабад #талас #нарын #ысыккол #ысыккөл #ысыккуль #жаңылыктар #кабарлар