Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин баштарынан өткөргөн окуяларын өздөрүнөн угуңуз! Бул чыгарылышта биз куткаруучулардын өмүрүн тобокелге салып, башкаларды куткаруу үчүн жасаган эрдиктери тууралуу айтып беребиз. Куткаруучулар издөө-куткаруу иштеринин ар бир баскычында кандай сезимдерди баштан кечиришет жана кандай кыйынчылыктарга дуушар болоорун уга аласыздар.
Бул чыгарылышта сиз каармандык жана эрдиктин үлгүсүн көрүп, жарандардын өмүрүн жана коопсуздугун коргогон кызматкерлердин эмгегин баалай аласыз.
Ошондой эле бул маекте жакында экранга чыга турган "Карина" тасмасына негиз болгон чыныгы окуя жөнүндө да сөз болот!