🔸 Бүгүн, 27-февралда Ош шаарынын мэриясында шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча штабынын биринчи отуруму өттү.
🔸 Ага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.
🔸 Жыйында жарыяланган үч айлык боюнча айтылып, айлана чөйрөгө кам көрүү боюнча сөз болду. Аны менен бирге жооптуу кызматкерлерге тиешелүү талаптар коюлуп, жазгы үч айлык боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.
📌 Белгилей кетсек, жазгы үч айлыктын жыйынтыгы төмөндөгү номинациялар боюнча чыгарылат:
- Мыкты муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыгы;
- Мыкты көп кабаттуу үй;
- Мыкты социалдык мекеме;
- Мыкты муниципалдык ишкана;
- Мыкты көчө;
- Шаардын көрктөндүрүүсүнө көмөк көрсөткөн жеке менчик ишкана.
📌 Жогоруда белгиленген номинациялар боюнча мыктыларга соңунда Ош шаарын мэриясы тарабынан 1 миллион сом бөлүп берилет.
_________________________
📝 Маалыматтык камсыздоо бөлүмү
#Ош_мэрия