MENU

Fun & Interesting

Кыргызстандагы сыры ачылбаган лагер | "Куугунтук курмандыктары"

Азаттык 18,152 3 months ago
Video Not Working? Fix It Now

Кыргызстанда ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө. Бул күндү утурлай эле 1920-1930-жылдары сталиндик репрессияда “эл душмандарынын жакыны” катары куугунтукталып, лагерлерге камалган аялдардын тагдырлары тууралуу эки китеп жарык көрдү. Бул теманы “Куугунтук курмандыктары” подкастында “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин илимий кызматкери Салтанат Асекова жана “Эсимде” изилдөө аянтчасынын тарыхчысы Гүлзат Алагөз менен талкуулайбыз. 0:00 Башталышы 2:51 - “Мекенге чыккынчылыгы үчүн соттолгондордун үй-бүлө мүчөлөрү жөнүндө” (ЧСИР - члены семьи изменника родины) Ички иштер эл комиссары (НКВД) Николай Ежовго жолдонгон токтомдун көчүрмөсү. 4:50 - СССР аймагында беш жүз миңдей аял репрессияланган 11:40 - “Эл душманы” деп жазыксыз жерден атылгандардын аялдары көргөн азап 13:12 - Казакстанда АЛЖИР ("Акмолинский лагерь для жен изменников родины") атыккан лагер 15:23 - Аялдар үчүн курулган төрт лагердин бири Кыргызстанда болгон 27:54 - Куугунтукталып, лагерлерге камалган аялдардын тагдыры тууралуу жаңы эмгектер 38:10 - “Репрессия маалында Кыргызстанда 34 аял атылган” 43:10 - “Аялдарды лагерде кордошуп, көз жаргандар болгон” 48:03 - Репрессияны эмне үчүн эскеребиз? 50:20 Аягы #тарых #куугунтуккурмандыктары "Куугунтук курмандыктары" подкастынын буга чейинки чыгарылыштарын www.azattyk.org сайтынан, spotify жана apple podcast платформаларынан уга аласыздар. Сайттан угуңуз: https://www.azattyk.org/z/22807 Apple Podcast шилтемеси: https://podcasts.apple.com/us/podcast/%D0%BA%D1%83%D1%83%D0%B3%D1%83%D0%BD%D1%82%D1%83%D0%BA-%D0%BA%D1%83%D1%80%D0%BC%D0%B0%D0%BD%D0%B4%D1%8B%D0%BA%D1%82%D0%B0%D1%80%D1%8B/id1661368617 Spotify шилтемеси: https://open.spotify.com/show/5UX9tU7Dmb4dap0WrJ5TXD _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg https://www.instagram.com/azattykmedia/ Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org https://www.facebook.com/azattyk Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x... Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu https://t.me/azattykrus

Comment