MENU

Fun & Interesting

Динге байланыштуу мыйзамды өзгөртүү сунушталууда: Депутаттар кандай пикирде?

Super.kg 53,872 6 months ago
Video Not Working? Fix It Now

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия динге байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо. Мыйзам долбоору 30-августта коомдук талкууга коюлду. Анда коомдук жайларда жана мамлекеттик мекемелерде адамдын жүзүн тааныганга тоскоолдук кылган кийимдерди кийүүгө тыюу салуу сунушу жазылган. Ошондой эле диний адабияттарды жана башка материалдарды коомдук жайларда, үй, батирлерди кыдырып таратууга тыюу салуу каралган. Андан тышкары диний негизде партияларды жана башка саясий бирикмелерди түзүүгө, каржылоого, диний сөздөрдү партиялардын аталышында же үгүт иштеринде колдонууга, депутаттарга диний ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салынат. Диний мекемелерде саясий мүнөздөгү ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө болбойт. Диний окуу жайдан тышкары диний сабактарды жекече окутууга жол берилбейт. Мыйзамды бузган адамдарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 60-65 миң сом айып пул салуу каралган. SUPER.KG порталынын социалдык тармактагы баракчаларына катталыңыз: Instagram - https://www.instagram.com/super.kg_official/?hl=ru Facebook -https://www.facebook.com/home.php Одноклассники - https://ok.ru/group/56800648233021/topic/155863879099197 Теlegram - https://t.me/supperkg Twitter - https://twitter.com/superkg2006?t=9xtuVZ0K2K9h8UzEB0OEYg... Сайт - https://www.super.kg/ Threads - https://www.threads.net/@super.kg_official?xmt=AQGz-z_lN4ZrQnRD2KaA96iCiDe0bNSyo0sBzQoaUQumhek WhatsApp - https://whatsapp.com/channel/0029VajAzrp9Gv7cAcjE8t3Y

Comment