#infinityMuzikKyrgyzstan
Нуриза Өмүрбаеванын сөзүнө жазылган “Өзгөнү сүйгөн жокмун” аттуу обонумду сунуштайм.
Бир ырда айтылбаган атың калып,
биз кандай жакын элек? Алыстадык.
Бир сезим табыштырып экөөбүздү,
бир өмүр койду мынтип алыстатып.
Жаныңа барганымда сурап бактым,
жар сымал жамгыр жааса, урап калдың.
Жолубуз бир болбосун айтып анан,
жолума бакыт каалап узаткансың.
Ичимде билсең бирок күйгөн отмун...
Ишенич талкаланган күндөн корктум.
Өзгөлөр мени сендей сүйдү, бирок
өзгөнү мен өзүңдөй сүйгөн жокмун.
Өзгөлөр мени сендей сүйдү, бирок
өзгөнү мен өзүңдөй сүйбөй койдум.