Жазуучу, акын Рахат Аманованын “Күмүш кемер” аттуу аңгемелер жыйнагы чыкты. Андагы “Адиш бакшы” деген аңгемени назарыңыздарга сунуштагым келип турат бүгүн. Өлүм менен өмүр, бул дүйнө менен аркы дүйнө ортосунда көпүрө болуп турган бакшынын баяны аркылуу элдин унутта калып бараткан эзотериялык жаадындагы көрүнүштү сонун сүрөттөп бериптир автор. Бул сыяктуу жиндер менен талашып-тартышкан, ооруган адамга дабаа, өлүм алдындагы адамга өмүр, саратандын чак ортосунда какшаган жерге жамгыр, кышында чилдеден чыкпай, аң-суусуз калган элге күн тилеп, асман-сууга, тоо-күнгө жүзүн бурган кыргыздын бул ырым-жырымын жаңы муун унутуп баратат...
Угуп, пикириңизди калтырыңыз, урматтуу угарманым!