Манас Жаркынбек уулу өз апасын көп жылдардан бери издеп келет. Ата-энеси эки башка жолго түшкөндөн кийин, 5 айлык Манасты таежеси менен жездеси асырап багып алышкан. Өз апасы Гүлжамийла баланы эжесине таштап, Алайдан Бишкекке келген. Өспүрүм кезине чейин баласына барып-келип, каралашып турган. Бирок кийинчерээк дайынсыз болуп кеткен. Ошондон бери эжеси, баласы, бир туугандары аны издеп келишет.
Дайынсыз болуп жактан Гүлжамийла айымдын колунда өздүгүн тастыктоочу документи (паспорт) болгон.
Эгерде кимде ким Эргешбаева Гүлжамийла Көчөбаевнаны (каймана аты Гуля) көргөн, билген болсо анын жакындарына же “МедиаХабга” байланышып, жардам берсеңиздер болот.
Байланыш номерлери: Уулу Манас
0505859579