MENU

Fun & Interesting

Түркистанбы же Орто Азиябы?

ТЕЛЕСКОП КАНАЛЫ 80,105 lượt xem 2 months ago
Video Not Working? Fix It Now

Жакында эле Түркиянын Билим берүү министрлиги: “Мындан ары Түркияда окуу жайларда, дегеле бүткүл тармакта "Орто Азия" деген терминдин колдонулушуна тыюу салынып, анын ордуна “Түркиястан” аталышы колдонулат!”-деген сенсациялуу билдирүү жасады. Бул жаңылык сцо тармактарда талкуу жаратып, кээ бирлери каршы чыкса, кээ бирлери колдоду. “Орто Азия” же “Борбордук Азия” аталышы туурабы же туура эмеспи? Биз жашаган аймактын аты чын эле Түркистанбы? Байкаганыңыздардай бүгүн биз кылымдар бою ат жалынында шамал ойнотуп, эркиндикте жана ынтымакта жашаган аймагыбыз, Мекенибиз Борбор Азия же болбосо Орто Азия чөлкөмүнүн чыныгы аталышы, маңызы тууралуу сөз кылабыз. Даяр болсоңуздар, казуу иштерин баштадык анда!

Comment