🔸 Ош шаарынын мэри - Жарандык коргонуунун башчысы Жеңишбек Токторбаев, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Алтынбек Абылаев биргеликте Ош шаарындагы сел кооптуулугу бар аймактарды кыдырышты.
🔸 Алсак, кооптуу деп табылган Жапалак, Төлөйкөн айыл аймактарындагы ошондой эле, Алымбек датка, Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыктарындагы сел каналдардын, көпүрөлөрдүн жана Тотоев көчөсүндөгү кооптуу жайгашкан 13 үйдүн абалын көрүп чыгышты.
🔸 Шаар башчысы жеринде тез аранын ичинде жаан-чачындар башталганга чейин сел кооптулугун жоюу, толуп калган сел каналдарды тазалоо боюнча бир катар тапшырмаларды койду.
_________________________________________
📝 Маалыматтык камсыздоо бөлүмү
#Ош_мэрия