19-сентябрь күнү Кемин районуна караштуу Орловка шаарындагы үйлөрдүн биринен 1997-жылы туулган Медина Нурлан кызынын асынган абалдагы жансыз денеси табылган. Мындай кабарды келиндин жакындарына кайын журту айткан. Бирок редакцияга кайрылган келиндин жакындары ал өз жанын кыйды деген жүйөгө ишенишпейт. Медина Нурлан кызына 20-сентябрда Токмок шаарында соттук-медициналык экспертиза жасалып, андан соң жансыз денесин туугандары Нарын облусуна алып кетишкен.