#марс #кыргызча #кыскача #кызыктуу #окуялар
Марс (♂) — Күндөн төртүнчү планета, бул планетаны "Кызыл планета" деп да аташат.
00:05 Марска адам жеткирүү 2030-жылга пландалган. (Видеодо ката айтылып калыптыр)
02:55 Үңкүрү толук изилдене элек
03:30 Айга барып кайткандан кийин Марска кызыгуу күчөгөн
04:35 Марстын такталган кызыктуу фактылары
05:30 Жердегидей шарт менен Марста көп жашоо ыктымалдуулугу бар
07:16 Бир эмес, 2 спутниги бар
10:05 Элдер Марска учуп жатканда, биз Акаевти тактыдан учурганбыз
11:00 Оппортьюнити апараты боюнча кыскача
13:08 Оппортьюнити Марстын көп сырын ачкан
14:11 Марс бетинин таза өзүнүн сүрөттөрү
16:40 Марста тартылган сүрөттөр кантип келет?
18:12 Адам баласынын Марска баруу мүмкүнчүлүгү
20:22 Жерден Марска чейин канча убакыт учат?
21:24 Марска, айга учкан ракетага, биздин бюджеттин суммасынан эселеп көп акча кеткен
22:30 Илон Маск Марсты өзөктүк бомба менен бомбалоону сунуштаган
23:57 Бейиштей жерибизди сактайлы
Марс планетасы — римдик согуш кудайынын атын алып жүрөт. "Кызыл планета" деп аталышынын себеби — темир оксиди басымдуулук кылганынан планетанын үстү кызгылт түстө. Марс — бул жука атмосферасы бар, үстү айдагыдай кратерлерди жана жердегидей вулкандарды, өрөөндөрдү, чөлдөрдү жана полярдык калпактарды камтыган жер тобунун планетасы.
Марстын диаметри Жердикинен 2 эсеге жакын кичине. Анын орбитасынын эксцентриситети (эллипстин фокусунан борборуна чейинки аралыктын чоң жарым огуна болгон катышы) чоң болгондуктан (е = 0,093), ал улуу тогошуу учурунда перигелийинде, жарыктыгы боюнча Чолпон планетасынан кийинки орунду ээлеп, асман сферасынан балбылдап жакшы көрүнөт.