5-марттагы парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек ара макулдашуусунун долбоору менен толук таанышып чыкканын билдирди.
Айжигитовдун айтымында, кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдин долбоорунун 12-беренесинде “бул келишимдин мөөнөтү жок жана кайра кароого жатпайт” деп көрсөтүлгөн. Ал эгер документ бекитилсе Тажикстан Ворух анклавына коридор алат дейт.
“Ворух анклавына коридор ачууга бөгөт болгон эки негизги фактор бар эле. Биринчиси – Достук айылы. Тажик тарап Достук айылын толугу менен берүүнү талап кылганы бекеринен эмес. Эми биз бул тоскоолдукту алып салып жатабыз. Достук айылынын стратегиялык мааниси – дал ошол коридорго жол бербегенинде. Андан тышкары, чек араны ошол аймакта жашаган эл коргоп келет”, – деди ал.
Депутат жер алмашууда анын аянтына гана эмес, стратегиялык маанисине да өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгиледи.
Каналга жазылуу: https://www.youtube.com/channel/UCCZa43syqWs7EqllazNPq7A
Биздин веб-сайт: http://ky.kloop.kg
Facebook: http://fb.com/kloopkyrgyz
Twitter: http://twitter.com/kloopkyrgyz
Instagram: http://instagram.com/kloopkyrgyz