Күнүмдүк тамак-ашыбызда өзүнүн орду болгон айранды уютуудагы кеңештер
- каймагы алынбаган майлуу сүттүн айраны коюу болот
- сүттү алюминий идиште бышырса астына көп татрпайт
- сүттү бир кайнатып эле өчүрбөстөн 5-10 кайнатуу да айрандын коюу болушуна негиз болот
- айран уютуу үчүн эң ыңгайлуу температура 39-41градус(бармак сүттө 7ге чейин санаганча күйбөй чыдагыдай болсо, сүт уютууга даяр дегендик)
- уютку бөлмөнүн температурасындай жылуулукта болгону ырас
- уюткунун көптүгү эмес сапаты маанилүү, анткени көп кошулган уютку айрандын суусун чыгарып ийиши мүмкүн, жарым чай кашык уютку да 3-4 л сүттү уюта алат
- сүттү өтө калың орогон айранды кычкылдантырып ийиши мүмкүн
- айран уюгандан кийин шарт эле муздаткычка албай бираз бөлмөнүн температурасын көндүргөндөн кийин муздаткычка алган оң