Баткен облустук администрациясынын алдына топтолгон 300дөй тургундар Улукбек Мариповдун парламентте сүйлөгөн сөзү үчүн түшүндүрмө берүүсүн талап кылып чыгышты. Ансыз да кыргыз-тажик чек арасында абал курч болуп тургандыктан жогорку кызматтагы адамдын бул сөзү кырдаалды курчутуп жиберүүсү мүмкүн дешет.Облус башчысы жооп берип жатып, Төрт-Гүл суу сактагычына келген каналдын башталган жери Кыргызстандын чек арасында жайгашкандыгын жана ал эч кандай талаш болбогонун билдирди. Өкмөт башчысы туура эмес маалыматты айткан болушу мүмкүн деди. Бирок митингчилер чек ара боюнча так маалымат берүүнү, маселени Жогорку Кеңештин депутаттары да көзөмөлгө алышын, Марипов сөзүн кайра артка алып, жаңылыш айтып алганын моюнуна алуусун, расмий билдирүү таратышын талап кылып жатышат.