Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтар менен биргеликте бүгүн Ишматов, Латибджанов, Набережная көчөлөрүн кыдырып, Алымбек датка муниципалдык аймактык башкармалыгындагы ички көчөлөрдүн абалын текшерди.
🔸️ Шаар мэри аталган көчөлөрдү иретке келтирип, кызыл сызыктан чыккан курулуштарды алып салуу, айрымдардын чегин тактоо боюнча тапшырмаларды берди.
🔸️ Мындан тышкары, тротуарларды, арык лотокторун, аялдамаларды талапка ылайык куруу тапшырылды.
🔸️ Шаар көчөлөрүн иретке келтирүү иштери улантылат.
#кыргызстан #жанылыктар #жогоркукеңеш #садыржапаров #ташиев #баткен #жалалабад #кабарлар #ош #мэр