Буга чейин куудулдар Абдылда Иманкулов, Рахман Разыков, Нарынбек Молдобаевдин "Үч пахан" аттуу интермедиясы Ош шаарынын коюлгандан кийин УКМКнын Ош шаардык башкармалыгына чакырылганы белгилүү болгон. Андан соң ушул эле концерт Жалал-Абад шаарында элге көрсөтүлмөк, бирок бул план ишке ашпай калган. Себеби эмнеде, УКМКнын кызматкерлери чакырып алып эмне деген жана башка суроолорго куудул, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Абдылда Иманкулов жооп берди.