Бул окуя Камчыбек Кыдыршаевичке жетсе Көлдөгү кызматкерлердин ишине баа берилет деп ойлойбуз. Ишкер Бактыбек Жусупов 2006-жылы түштүк жээктеги "Барбулак" санаторийин сатып алган. Бирок айылдагы бир уч топ талашып иштетпей койгонун айтат. Алар менен 8 жыл соттошуп былтыр жайында утуп чыгып, көңүлү ток отуруп калган. Бирок көп өтпөй эле УКМК кызматкерлери тынч уйкусун бузганын билдирди.
Жусуповдун айтымында, аны суракка чакырып мүлкүн өз ыктыяры менен өткөрүп беришин талап кылган. Ишкер санаторийди күрөөгө коюп "Айыл банк" менен Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан 7 млн. сомдой кредит алып ичин оңдогонун айтып, бизнести алып койсо насыяны кантип төлөйм деп башы маң.
"Тырышып туруп алган жокмун. Анчалык болсо өзүңөр күрөөдөн чыгарып алгыла, мен өткөрүп берейин. Ушунун айынан ооруканадан башым чыкпай калды десем. "Анда камайбыз, туугандарыңыз таап келет" деп жатпайбы", — деди ишкер.
00:00 - Анонс
01:03 - Көлдүн Тоң районуна келдик
02:07 - "Өз ыктыярың менен өткөрүп бер" дешти
03:02 - Санаторийди кантип сатып алган?
05:38 - Мени 9 жыл киргизишкен жок
06:34 - Элге 25 эс алуучу бөлмө бермек болдум
07:45 - Жарым-жартылай куруп бүткөндө кайра талашышты
09:21 - Мени өлтүрүп анан ала бергиле дедим
11:12 - Элдин батасы башкача
12:03 - Тонолуп, дубалы эле калган экен
14:23 - Айылдыктарга 3 вариант сунуштадым
15:31 - Ушуну оңдоо үчүн 7 млн. кредит алгам
16:07 - "Болбосо камайм, сотту да өзүм чечем" деди
17:16 - "Кредитиңди заматта жаап, санаторийди өткөрүп бер"
18:58 - Башкы прокурор ушул айылдан экен
20:38 - "Башкы прокурор өзү көзөмөлдөп жатат байке" дешти
22:11 - Санаторийдин багытын өзгөрткөн жокмун
23:21 - Мага келген жылуу сууну кесип салышты
24:28 - Санаторийди кантип иштеткен?
26:02 - "Сизди камайбыз, анан туугандарыңыз акча таап келет" деди
26:54 - "Кызынын свадьбасында отурганда кармап кетебиз" дептир
27:37 - Карызымды жаап анан ала беришсин
28:46 - Ташиевдин кызматкерлерине берген эскертүүсү
30:47 - Президент "ишкерлерди колдойм" деген да
31:58 - Мал 2-кабатына чейин чыгып жатчу экен
33:04 - Даяр бизнес токтоп турат
34:36 - Ошонун азабынан оорудум
35:06 - УКМК чалганда башыма кан уюп калайын деди
36:42 - Мыйзамдуу гана укугун сакталышын сурап жатат
38:44 - Тоокананы ашкана кылдым
39:58 - Айыл өкмөт башчынын пикири
44:32 - Бийлик башчыларына кайрылуу