83 жаштагы Алтынбү Чотуева неберелери алдап документке кол койдуруп, жашап жаткан үйүн сатып жибергенин айтууда. Алар
31 жаштагы Алмаз Касымбеков — Гүлмира аттуу кызынын уулу, экинчиси 22 жаштагы АскарМурзалиев, ал Замира атуу кызынын баласы. Экөөнү тең таенеси кызыл эт кезинен багып, эрезеге жеткиргенин айтты.
Кеп болуп жаткан үйдү Гүлмира кызы 2021-жылы сатыпалып, апасынын атына каттатканын билдирди.
Алтынбү апанын неберелеринин бири Алмаз Касымбеков менен сүйлөшкөнүбүздө таенесинин сөзүнө макул болгон жок. Ал батирди
Аскар Мурзалиевдин маркум апасына таандык экенин, кийин таеке, таежелери талаша бергенде сатып кетүүгө аргасыз болгонун айтууда.