Билесиздерби... ар бир автордун өзүнүн баяндоо стили болот. Жөн эле үйдө же коомдук жайда китепти колуңа алып, ичиңен окуп баштаганда аны көп деле сезбешиң мүмкүн. Бирок үнүңдү чыгарып окуганда андан артта өтө албайсың. Мен муну каналым үчүн аудио китеп жаздырган сайын байкайм. Ар бир китепте башка-башка авторлор менин үнүм менен сүйлөйт, алардын сөзү башкарып алат мени. Айрымдарын окуу оңой, сүйлөмдөрү шыр эле кетет. Башкаларынын айтып жатканын заматта түшүнсөң да, биринчи эле окуганда автордун оюн үнүң менен, андагы толгон-токой сезимдер менен окурманга жеткире албашың мүмкүн. Ошондуктан эки, кээде үч кайталап чыгарманы окуган соң гана үнүмдү жаздырам. Айтбек Төлөнбаевдин “Нурамандын ак чатыры” деген аңгемесин жаздырып жатып ушуну түшүндүм. Мага ал сүйлөмдөрүнүн башкачараак түзүлүшү үчүн эмес, окурман катары мени эмоциянын бир ашуусунан экинчисине ыргытканы үчүн оңой болбоду. Муну эми сиздер да угуп, анан үнүмөн байкасаңыздар керек... Пикириңиздерди жаза кетсеңиздер уккан соң. Рахмат!