MENU

Fun & Interesting

КЕЧИККЕН МАХАБАТ көркөм тасма.

Nasikat Kabyldaeva 345,878 3 months ago
Video Not Working? Fix It Now

Урматтуу достор, сиздерге бөлүшчү жаңылыгым бар 🤗 Колдооңуздар керек, оор болбосо жүрөкчө басып, комментарий калтырып кетсеңиз аябай ыраазы болот элем 🥰 Жаңы жыл алдында сиздердин назарыңыздарга "Кечиккен махабат" аттуу чакан көркөм тасманы тартуулайм. (Бул менин биринчи өз алдынча тарткан тасмам, түшүнүү менен кабыл алып жана туура бааңызды берет деген үмүттөмүн) Жаңы тасма боюнча кыскача маалымат бере кетсем: Бул тасмада азыркы бизде эң курч көйгөйлөрдү чагылдырдык десем болот. Негизи кино жашоодон алынат дейт эмеспи. Азыркы күнү аял затына болгон мамиле. Үй-бүлөдө зордук зомбулук. Ич ара келишпестик. Жана турмушунан ажыраган аялга коомдун мамилеси. Аялдын бактысын көрө албастык. Коом эле эмес, эң жакын деген адамдар да каршылык көрсөткөн көз ирмемдер берилет. Мага эң чоң таасир берген бул 2023 жылдын 16 февралда болуп өткөн каргашалуу окуя болгон. (51 жаштагы) Алтынай Камзанова жанан анын (18 жашар) кызы Сайкал Токтошева, (9 жаштагы) уулу Салим Токтошовду зөөкүр Чынтемир Алишеров деген (37 жаштагы) адамдын колунан каза табышат. Коомчулукка Алтынай менен Чынтемир жарандык никеде жашаганы белгилүү болуп, катуу талкууга түшкөн. Кичүү уулу Салим экөөнүн ортодогу баласы экени белгилүү болуп, Алтынай менен Чынтемирдин жаш айырмачылыгы 14 жаш болгонун биздин коомдо кээ бир аялдардын көрө албастык сезимдерин ойготту десем да болот. Уялбай зөөкүрдү актап, "өзүнөн кичүү балага тийип алса, анан эмнени күттү эле" деген табалоолор болгондо зээним кейип кетти чын айтайын. Аялдар ошондой оюн билдиргени мени күйгүзүп жиберди. Каңырыгым түтөп, кантип өз үнүмдү коомчулукка жеткирем деп. Ыза, ый, муң аралаш сезимдеримди мына ушу тасма аркылуу берейин деп чечтим. Эми чыгармачыл адам болгон соң ушинтип искусство аркылуу кана өз оюбузду элге жеткире алат экенбиз да. Тасма толук бул каргашалуу окуя чагылдырылды дегенден алыспыз. Болгону ушул окуядан аябай таасирленип жазып чыккан сценарийимди кино кылып тартып чыгууга мага өтө чоң көмөк көрсөткөн чыгармачыл топко терең ыраазычылыгымды билдирем: Чынгыз Калбердиев , Бегимай Манапбаева , Кундуз Акиева, Жайнагуль Рахманова , Бир идеянын үстүндө бир топ адам биригип ынтымакта иштесе, сөзсүз үзүрүн көрөт экенсиң. Тасма аягына чыгып, ийгиликтүү бүтүрүп мына эми коомго тартуулап жаткан чагыбыз. 🎬🎬🎬 Алдыда уландысы (2-бөлүгү) май айында (2025) Бишкек шаарынан да тартылат. Кастинг боюнча : Facebook; Instagram тармагынан ( Кабылдаева Насыйкат) таба аласыздар. Жана ошондой эле өзүңүз жөнүндө толоук маалымат: сүрөт, жашыңыз, боюңуз жана кыскача маалыматты @Nasikat_ka Telegram каналына жөнөтсөңүздөр болот. #Кечиккен_махабат

Comment