Фатих Султан Мехмед Хан. Арапчасы Мухаммад ал Фатих. Константинополдун багынтуучу. Улуу кол башчы. Ал бир доорду экинчисине алмаштырган, бүтүндөй дүйнөлүк цивилизациянын, тарыхтын өзгөрүүсүнө себеп болгон султан! Пайгамбарыбыз САВдын хадисинде макталган инсан! Ал кандай хадис дейсизби? Пайгамбарыбыз САВ бир хадисинде мындай дейт“Истамбул сөзсүз фатх болот, б.а. багындырылат. Аны багындырган кол башчы кандай бактылуу. Ошол кол, кошуун кандай бактылуу”