Мухиддин ибнул Арабий ким? (1165-1240)
Пайгамбарыбыз САВ айтты: “Аалымдар менин мураскорум”.
Бухарий, Илм, 10; Абу Даут, Илм, 1; Тирмизий, Илм, 19; Ибн Маже, Мукаддима, 17
Бүгүн биз, дагы бир Пайгамбарыбыз САВдын мураскорлорунан болгон-аалым, улуу олуя, жазуучу, даанышман, акын Мухиддин Мухаммед бин Али бин Мухаммед бин Арабий Ат-Таий Ал-Хатамий жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Негизи эле мындай улуу аалымдар жөнүндө 5-6 мүнөттүк убакыттын ичинде айтып коюу мүмкүн эмес. Кантсе да бизден аракет, Аллахтан берекет...
Мухиддин Арабий. 1165-жылы Андалузия Ислам мамлекетинин б.а. азыркы Испаниянын түштүк чыгышындагы Мурсия жергесинде төрөлдү. Атасы Али бин Мухаммед Аббаси халифалыгынын аскер башчыларынан, ошол эле кезде атактуу аалым, даанышман Ибн Рушддун жакын досторунан эле. Апасы Нурун болсо ансарлардан болгон. Сегиз жашында үй-бүлөсү менен Андалустун борбору Ишлибия б.а. азыркы Севилия жергесине көчүштү. Ишлибия ал кездери илимдин, маданияттын борбору болуп, аябай өнүккөн шаарлардан эле. Туугандары тасаввуф жолун карманышчу. Мухиддин Арабий алгачкы илимин ушул жерден ала баштайт. Ал өтө зирек, акылдуу, көрөгөч, эс тутуму өтө күчтүү балдардан болгон. Жаш кезинде эле инзивага т.а. Аллахты зикир кылып, аз жеп, аз уктап, сыртка чыкпаган жашоо образына кирет.
Арадан бир топ убакыт өткөн соң ал Мекке, Шам, Багдан шаарларына барып, ал жерден атактуу аалымдардан илим алат. Тафсир, хадис, кыраат, фикх илимдери боюнча чоң аалым болот.
Ибн Рушд менен тааанышат. Ибн Рушд илим билим акыл менен гана алынат деген көз карашта эле. 17 жаштагы Мухиддин Арабий илим билим акыл менен эле эмес кашф менен, илхам менен да алынса боло тургандыгын айтып, ага кереметтүү түрдө далилдеп берет.
1184-85-жылдары Урайни аттуу аалым менен таанышат. Ибнул Арабий бул аалым тууралуу китебинде “Алгачкы устазым”-деп айтат. Ал көз жумганга чейин анын жанында калып андан илим алат.
1196-жылы Фаска т.а. Мароккого барды. Ал жактагылар аны сый менен, урмат менен тосуп алышты. Кийин 1198-жылы кайра Андалуска кайтты. 1199-1200 жылдары Ажылык милдетин аткаруу үчү Меккеге барды. Меккеде Ал Кассар аттуу аалым менен таанышып, андан кийин кайра кезүүгө чыкты. Бираз убакыт өткөн соң кайра Меккеге келип “Рухул Кудс”, “Тажур Расул” аттуу китептерин жазды. 1204-жылы Мадина, Мусул, Багдат жергелерине барды. Мусул жергесинде “Ат Таназулаатил Мусулиййа” аттуу китебин жазды.
Кийин Түркиянын Коня жергесине келет. Ал жерде Садреддин Конйеви менен таанышып, анын жесир апасына үйлөнөт. Садреддин Конйевинин атасы ошол эле кезде, устаты да болуп калат. Бул жерде “Рисалатул Анвар” аттуу китебин жазат. Бул мезгилдери Селжуктар мамлекети өкүм сүрүп турган. Селжук султаны 1-Изеттин Кейкавуска кат жазат. Катында мусулман жергесине бастырып кирип келген крестүүлөргө каршы жумшак мамиледе болбой, тескерисинче аларга каршы согушуу керектигин айтат.
Кийин Мысырга т.а. Египетке, Мадинага, Багдатка, Халепке (азыркы Алеппо) сапар тартат. Андан кийин Конйага, анан Шамга б.а. азыркы Дамаскка жайгашат. Ал жерде “Фусус” аттуу китебин жазат. Бул китепти түшүндө Пайгамбарыбыз САВды көрүп, Анын үммөт үчүн айткан сөздөрү аркылуу жазгандыгын айтат.
1240-жылы Дамаскта түбөлүк ааламга көчөт. Касийун тоосунун этегине көмүлөт. Убакыттын өтүшү менен мазарлар талкаланып жок болуп кетет. Анын кабыры кайсыл жерде экенин эч ким билбей калат. Ибнул Арабийдин өлөөрдөн мурда Сын Шынга келгенде Мимди табат деп айтканы бар эле. “Сын”, “Шын” жана “Мим” булар арапча тамагалар эле. Кыргызчасы “С” “Ш”га келгенде “М”ны табат деген мааниге келет. Арадан 277 жыл өтөт. 1516-жылы Осмон империясынын султаны Йавуз Султан Селим Хан Мысырга жортуулга чыгат. Жолдон Шамда токтойт. Йавуз Султан устазы Кемал Пашазаде экөө Ибнул Арабийдин китебин изилдеп атышып “Сын Шынга келгенде Мимди табат”-деген жерин окуп калышат. Бул жерде “Сын” же “с” бул- Селим т.а. Йавуз Султан Селим хан эле. “Шын” же “Ш” болсо-Шам эле. Ал эми “Мим” же “М” Мухиддин эле. Демек “Селим Шамга келгенде Мухиддиндин кабырын табат”-деген ишаарет бар эле бул жерде. Йавуз Султан издеп таба албай кыйналат. Кийин түшүнө Ибнул Арабий өзү кирип, кабырын кантип табаарын айтып берет. Натыйжада кабыр табылып, казылганда баары таң калат. Ибнул Арабийдин денеси таптаза бойдон эле. Ага күмбөз курдуруп, жанына мечит салышат. Бул зыярат жери азыркы күнгө чейин зыяратчылар үчүн ачык турат.
Ибнул Арабий келечеке тиешелүү Аллахтын уруксаты менен кээ бирки иштер тууралуу кабар берген. Мисалы анын китептеринде Осмон империясы тууралуу ошол кезде эле кабар бергендиги, атүгүл империянын атына чейин атап өткөндүгү тууралуу жазылган. Мындан сырткары дагы өтө көптөгөн сырдуу маалыматтарды Аллахтын уруксаты менен Куран аяттарына жана хадистерге таянып айтып кеткен.
Анын жүрөгү дүйнөгө байланган эмес эле. Бир күнү ага үй белек кылышат. Артынан бир кедей келип Ибнул Арабийден жардам сурайт. Ибнул Арабий эч ойлонбостон үйдү кедейге белек кылып берип, өзү кайра чатырга чыгып кетет. Бул да болсо анын улуулугунан, жан дүйнөсүнүн бай болгондугунан кабар берет.