14-ноябрда 16-октябрдан бери Жумгалда изделип жаткан ата-баланын бирөөсү табылды.
Маалыматка ылайык, Баңгизат менен күрөшүү кызматынын Кинология борборунун кызматкерлери Нарындын Жумгал районунда Көкөмерен дарыясынын боюнан 45 жаштагы К.Б. аттуу жарандын жансыз денесин табышты.
Өрнөк айылынын 45 жаштагы тургуну жана уулу мал жайып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан.
Аларды издөөгө 100дөн ашык куткаруучу, 20 чакты милиционер, жергиликтүү тургундар жана дрондор тартылган.
Ал эми 11-ноябрда кинологдор тартылган. Учурда маркумдун уулу изделүүдө.