Өзгөн районундагы Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Дөң-Булак -2 айылынын тургуну 35 жаштагы Сыргак Султанмуратов ээр жана ат жабдыктарын жасайт.
Өзүнүн айтымында, бул устачылык менен 20 жылдан бери алектенет. Бул өнөрдү ал атасынан үйрөнгөн. Ал ээрди түрдөп жасай алат. Учурда ал ата-бабалар колдогон ээрлердин формасын өзгөртүп, жаңы стилдеги, ыңгайлууларын жасап жатканын айтат.