Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында 11 баласы бар үй-бүлөнүн жашоо-шартын тартып келдик. Көп балалуу ата-эне эки кызын турмушка узатыптыр, 9 баласы колунда. Аларга бир айга 3 мүшөк ун (150 кг), 15 литр май кетерин айтты. Атасы 15 миң айлыгы бар жумушта иштеп жатса, балдарына пособие бербей коюшуптур. Анысы аз келгенсип соцкызмакерлер "бир жылдан берки алган жөлөк пулду, 100 миң сом кайра төлөйсүң" деген экен.
Жубайлар тагдырдын буйругу менен 11 баланы тарбиялып калышкан. Элзат Кашымбек кызы 3 балалуу болгондон кийин күйөөсү каза болуп калган, ал эми экинчи жолдошунун аялы ажырашканда 5 баласын таштап кеткен экен. Ошентип түгөйлөр 8 баланы чогуу багабыз деп бүлө куруптур. Кийин ортодо дагы үч перзенттүү болушкан.
Бул үй-бүлөгө жардам берүүнү каалагандар болсо "Элдик" банктагы (РСК) карта номерин жазып койдук: 996700266829 Элзат Кашимбек кызы.
Мбанк эртең ача турган болду, азыр ушул картасына которсоңуздар болот.
00:00 — Анонс
00:48 — Камур-жумур жашоосуна баш бактык
01:30 — Мурда вагондо жашачубуз
02:17 — Эки чоң кызыбызды турмушка узатканбыз
02:52 — 34 жаштамын, эки неберебиз бар
03:55 — Тойлордо идиш жууп да иштейм
04:31 — "100 миң сомдук пособиени кайра төлөгүлө" дешти
05:59 — Жолдошумдун 15 миң сомдук маянасы көп экен
07:33 — Үй-бүлөбүз менен кырсыктап калдык
08:37 — "Сенин балаң, менин балам" деп бөлбөйбүз
11:18 — Пособие тийгенде бир айлык азык-түлүк алчубуз
12:26 — Бизге бир айга 3 мүшөк ун, 15 литр май кетет
13:42 — Жайы менен Көлдө иштеп мектептик кийимге акча чогултабыз
15:04 — Бир чейрекке 300 дептер сатып алабыз
16:17 — Балдарыңыздын келечегин каяктан көрөсүздөр?
17:52 — Жолдошум алгач 3 эле балам бар деген...
19:12 — Жолдошумдун биринчи аялы балдарын таштап кетип калыптыр
19:46 — Ушунча бала менен вагондо жашоого макул болдуңузбу?
20:38 — Дос, туугандарыбыз жардам берип турушат
22:30 — Көп балалуу болом деп ойлогон эмесмин