MENU

Fun & Interesting

“Жаштыгым түрмөдө өтүп кетти”. Орусияда 17 жылга кесилген Канатбек

Азаттык 631,418 5 months ago
Video Not Working? Fix It Now

Кыргызстандык Канатбек Жолоев 10 жылдан ашуун убакыттан бери Орусиянын абагында отурат. Ал Орусияга айдап бараткан машинеден маңзат табылып, төрт киши кармалган. Канатбек 17 жылга кесилген. Ал азыр жеңилдетилген тартипте жаза өтөп жатат. Көзөмөл органдын тыкыр текшерүүсү менен иштейт. Канатбектин жаза мөөнөтү дагы 5 жылдан кийин аяктайт. Бирок ал 72деги апасынын жанында болуш үчүн Кыргызстандагы абакка которулууга аракет жасап жүрөт. Канатбек Башкы прокуратурага бир нече жолу кайрылганын, бирок оң жооп ала электигин билдирди. Видеону “Азаттыктын” “Мигрант Медиа” долбоору даярдады. Чет жердеги журтташтар! Маңдай жарган ийгилигиңиз же жүрөк өйүгөн көйгөйүңүз болсо “Мигрант Медиа” долбоорунун +996 556 113 317 номерине WhatsApp/Telegram аркылуу жазыңыз. #MigrantMediaCentralAsia #орусия _____________________________________________________________________ ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт. Биздин сайт - www.azattyk.org Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg https://www.instagram.com/azattykmedia/ Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org https://www.facebook.com/azattyk Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x... Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu https://t.me/azattykrus

Comment