MENU

Fun & Interesting

Нарын облусу, Ак-Талаа району. Кара-Бүргөн (Жеңиш) айылы. 1989-жылкылардын мүчөлүү жылы.

Video Not Working? Fix It Now

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылынын 1989-жылкы жигиттери мүчөлүү жылына карата волейбол мелдешин уюштуруп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Маалым болгондой, аталган айылдын 1989-жылы туулган жигиттер мүчөлүү жылынын урматына 3-4-январь күнү спорттун волейбол түрү боюнча ири мелдеш уюштурушуп, мелдеш үч этапта өткөрүлдү. Тактап айтканда, 30 жашка чейинки эркек муундар арасында, 30 жаштан жогорку эркек муундагылар арасында жана кыз-келиндер арасында өткөрүлдү. Эркектер арасында өткөн волейболдун баш байгесине "ВАЗ 2105" жана "Нексия" үлгүсүндөгү автоунаалар коюлса, ал эми кыз-келиндедин баш байгесине кир жуугуч машина коюлду. Жеңүүчүлөр; 30 жашка чейинки жаштар арасында; - 1-орунду 2000-жылкы жигиттердин командасы багындырып, баш байгеге "ВАЗ 2105" автоунаасын утуп алды. - 2-орунду 2001-жылкы жигиттердин командасы, - 3-орунду 2005-жылкы жигиттер командасы, - 4-орунду 1998-жылкы жигиттердин командасы камсыздады. 30 жаштан жогоркулар арасында; - 1-орунду 1993-жылкы жигиттердин командасы багындырып, баш байгеге "Нексия" үлгүсүндөгү автоунаа утуп алышты. - 2-орунду 1990-жылкы жигиттердин командасы, - 3-орунду 1989-жылкы жигиттердин командасы, - 4-орунду 1988-жылкы жигиттердин командасы ээледи. Кыз-келиндер арасында; - 1-орунду 2006-жылкы кыздар командасы ээлеп, баш байгеге кир жуугуч машина утуп алды. - 2-орунду 1987-жылкы кыздар командасы, - 3-орунду "Жамал-Апа" бала бакчасынын командасы, - 4-орунду 2004-жылкы кыздар командасы камсыздады. Ал эми, баш байге алган командалардан башка жеңүүчү болгон командаларга акчалай сыйлыктар, медаль, диплом жана баалуу белектер тапшырылды. Мындан тышкары, мыкты оюнчуларга жана спорттун өнүгүшүнө салым кошкон спорт сүйүүчүлөргө акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Comment