MENU

Fun & Interesting

Соң-Көл көлү - Рамсар конвенция/ тизмеси 2024

Video Not Working? Fix It Now

Соң-Көл – Тянь-Шандын бийик тоолуу көлү. Деңиз деңгээлинен 3016 метр бийиктикте жайгашкан, тереңдиги 22 метрге жетет. Кыргызстандагы эң чоң табигый тузсуз суу объектиси. Соң-Көлдүн суулуу-саздак жерлери бир катар маанилүү экологиялык функцияларды аткарат: таза сууну топтоо жана сактоо, атмосферадан көмүртекти алуу жана топтоо, жер үстүндөгү жана жер астындагы агымдарды жөнгө салуу, жер астындагы суулардын деңгээлин кармоо, сууну тазалоо, булгоочу заттарды топтоо, эрозияга каршы күрөшүү, биологиялык көп түрдүүлүктү колдоо ж.б. Жергиликтүү коомчулуктун жашоосунун негизи болгон жаратылыш ресурстары, суулуу-саздак жерлер жана жайыттардын экосистемалары, экосистемалык кызматтар жана климат – бул аймактын табигый капиталы болуп саналат. Соң-Көл көлүнүн аймагындагы биоартүрдүүлүктүн абалы, анын ичинде суулуу жерлерде жашоочу канаттуулар кездешкен саздак аянттар, жайыттар негизинен көлдүн бүткүл тоо экосистемасынын туруктуулугунан көз каранды. Бул экосистема топурактын калыптанышы, кыртыштын корголушу жана эрозиянын жөнгө салынышы үчүн маанилүү роль ойнойт. Андан сырткары дарыя бассейндерине суу куюучу, жер бетинин булганышын тазалоочу, суу ташкындарды, селдерди жана жер көчкүлөрдү алдын алуучу жай катары кызмат аткарат.

Comment