🔸 Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликтеги таңкы кыдыруусу бүгүн Достук чек ара бекетинин жанында жайгашкан көчөдө болду.
🔸 Шаар башчысы бул көчө шаардын босогосунда жайгашканын белгилеп, аймакты тез арада иретке келтирүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
👇 Анын ичинде:
- Жолдун боюндагы бардык курулуш имараттардын сырткы көрүнүшүн оңдоп-түзөө;
- Бул жерде жайгашкан муниципалдык базарды, ошондой эле ажаткана менен унаа токтотуучу жайларды талаптарга шайкеш келтирүү;
- Жашылдандыруу;
- Шаардын көркүн бузган унаа жуучу жайларды, техникалык тейлөө станцияларын жана вулканизацияларды башка, ыңгайлуу жакка жылдыруу;
- Оор жүк ташуучу унааларды жолго токтотууга тыюу салуу ;
- Тротуарларга чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштарды бузуп алып салуу.
_________________________
📝 Маалыматтык камсыздоо бөлүмү
#Ош_мэрия