Төкмө акын Идирис Айтбаев менен жан дүйнөсүн, устаттары, үй-бүлөсү, чет жердеги мекендештер, "үйлөнөм" жана "турмушка чыгам" деген жаштар тууралуу сүйлөштүк.
0:00 Тизер
0:37 Киришүү
2:39 Идирис акындын устаттары кимдер?
7:01 Устазга болгон сый-урмат
8:34 Кайсы акындарды баалайсыз?
12:35 "Акын болом" деген чечимге качан келдиңиз?
16:49 "Акындар түгөнүп бараткандай болгон"
20:33 "Өзбекстандан келген этникалык кыргызмын"
23:19 "Эң биринчи үй-бүлө, этияттап сүйгүлө"
26:05 Мекендештерге кайрылуу
29:00 "Жашың жеткен менен башың жете элек"
32:37 Ата-энебиздин тарбиясы
35:56 Бактылуулуктун сыры
42:52 Бактылуулукту кандай түшүнөсүз?
45:41 "Келинчегим, эрдик кылган экен"
49:40 Идрис акындын көсөмдүгү
51:20 Египеттеги жашоо жөнүндө
1:02:11 "Балалыгымда өзбек тилинде ыр жазчумун"
1:09:29 Тил билүүнүн артыкчылыгы
1:14:26 Жыйынтыктоо
Төкмө акын Идирис Айтбаев, 2014-жылы Ош шаарында өткөн кыргыз-казак айтышында биринчи жолу сахнага чыгып, ошондон тарта калың элге төкмө акын катары аты таанылган. 2017-жылдын 5-сентябрында резиденцияда кыргыз-өзбек президенттеринин жолугушуусунда чек ара маселеси жөнүндө төгүп ырдаганы үчүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев акынга үй жана унаа белек кылган. Төкмө акын бир канча тилде эркин төгө алат.
Урматтуу көрүүчүлөр алгач колдоо катары каналга катталып коюну унутпаңыз.