"БиВиза" деп аталган виза борбору АКШга жана Европа өлкөлөрүнө виза алып берүүнү убадалап бир адамдан 1000 доллардан 5000ге чейин алган. Буга ишенген жаштар бар акчасын берип, жетпегенине кредит алып, үй-бүлөм менен кетем дегендер жалгыз тамын саткан. Бирок "БиВиза" убадасын аткарбай, бир жылдай күттүрүп зарыктырган. Виза алып бербегенден кийин акчасын кайтарышын сурашса, андан дагы баш тарткан. Мындан улам милицияга кайрылышып, "Алдамчылык" беренеси менен иш козголгон. Учурда Октябрь райондук сотунда 138 адамдын арызы каралууда. Жабырлануучулар "БиВизанын" жетекчилери Фырат Байгельды менен Дастан Насирдиновдун камалышын талап кылууда. Биз Насирдиновдон комментарий алганыбызда күнөөнү шериги Фыратка оодарды.
Instagram баракчабызга да каттала кетиңиз: https://www.instagram.com/elaman_karymshakov_/