#бибиси #жаңылыктар #украина #россия
Дональд Трамптын Ак үйгө кайтып келиши менен, Орусия менен Украинанын ортосундагы тынчтык келишими орнойт деген үмүт күчөдү. АКШнын президенти "макулдашууга жетишүү маанилүү" деп билдирген. 2022-жылы февралда Орусиянын Украинага басып кириши, Экинчи дүйнөлүк согуштан берки Европадагы эң чоң согуш бойдон кала берүүдө. Москва учурда коңшу өлкөсүнүн аймагынын бештен бир бөлүгүн көзөмөлдөйт жана БУУнун эсебинде, бери дегенде 12 300 жаран каза болду. ББСнин улук эл аралык кабарчысы Орла Герин, жакындарынан айрылган бир үй-бүлөнүн сүйлөшүүлөргө карата пикирин билүү үчүн Украинанын түштүгүндөгү Запорожье шаарына барып келди.
Инстаграм баракчабызга жазылыңыз: https://www.instagram.com/bbcnewskyrgyz/
Вебсайтыбызга баш багыңыз: https://www.bbc.com/kyrgyz
Фейсбук баракчабызга көз салыңыз: https://www.facebook.com/bbcnewskyrgyz