#бибиси #жаңылыктар #трамп
Украинага берилчү жардам токтотулуп, Мексика менен Канадага бажы салыктары күчүнө киргенден кийин, президент Трамп "Америка кайра күчтөндү" деп, өз администрациясынын иш-аракеттерин мактоого алды.
Конгресстеги, рекорддук, бир саат 40 мүнөткө созулган сөзүндө ал, федералдык деңгээлде жумушчу күчүн кыскартуу аракеттерин кубаттап, бажы салыктарынын зарылдыгын айтып, кийинки айдан баштап башка өлкөлөргө, жооп иретинде төлөмдөрдү киргизүүнү убада кылды.
Ошондой эле ал кылмыштуу топторго жана иммигранттарга каршы катаал чараларды жарыялап – аны “Америка тарыхындагы эң ири депортация” деп сыпаттады.
Инстаграм баракчабызга жазылыңыз: https://www.instagram.com/bbcnewskyrgyz/
Вебсайтыбызга баш багыңыз: https://www.bbc.com/kyrgyz
Фейсбук баракчабызга көз салыңыз: https://www.facebook.com/bbcnewskyrgyz